Бабалардын жанырыгы

Бабалардын жанырыгы

Акын, жазуучу К. Абакиров бул китеби аркылуу байыркы ата-бабаларынын санжырасын кызыктуу түрдө баяндап бере алган. Анда Ырыскандан тартып, Чынгыз хан доору, Тагай бий, Төрөкочкор, Беккулу, Бүтөбай, Щоңко,Уралы, Баястан аталардын баянын кеңири түрдө жазып бере алган. Китеп ары кызыктуу, окуялуу келип, балдардын тили менен назик жазылган. Чыгарманы окуп байыркы ата-бабанын санжырасын көп жерин иликтеп билип алса болот. Автордур жомоктору, ырлары, афоризм китеби миңдеген нуска менен жарык көргөн.

Жанр: Сказки
Цикл: Не является частью цикла
Год публикации: 2020

Читать онлайн Бабалардын жанырыгы


«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин»

А. Токомбаев


Китеп касиеттүү Беккулу атанын урпактарына арналат.


***


«Жараткан Теңирим өзүң колдой көр!»

Ак бата сөзү.


***

«Касиеттүү, ыйык Бугу энемин арбагы «колдосун!»

Ак бата сөзү.


***

«Беккулу атамын талы колдосун!Оомийин!».

Карылардын урпактарга берген бата сөзү.

***


Аркы атабыз Ырыскандан

Айдыңдуу кеп башталган.

Байыркынын башталмасы

Баардык элге таралган.


ЫРЫСКАН


Мен бир жолу Ийри -Колот менен келе жаткам.

Быйыл жаан көп жаагандыктан сайдын жээгинде жашаң чөп белден буралат. Арык жээгинде ала бата козу карын, арпа чөп жыш өскөн экен. Арыктан ары ар түркүн гүлдөр жанаганын көзүм чалды. Боз үйдүн оордундай тегиз жерде бир кары адам кичинекей баласы менен отурганын байкадым.

Бул баягы келишимдүү узун бойлуу, айрыкча балдарга өтө жакын, кебетесине карылыктын элеси али келе элек Темиркан деген асыл карыя экенин баамдадым. Карыядан кыйгач кетүү мүмкүн эмес эле. Салт боюнча, кичүү адам улууларга салам берип, ден соолугун сурап, анын алдынан өтүп коюу парз экен. Учураша жанына барып сүйлөшө кеттим. Ал ата-бабасынын санжыра уламышын, жомокторун жакшы билчү эле. Салам берип аркы-беркини сүйлөшүп бүтүп:

–Чоң ата мага ата-бабанын уламышын айтып бербейсиңби,-дедим.

– Айтса айтып берейин санжырага кызыгасыңбы,-деди асыл карыя.

Анын көздөрү бүркүттүкүндөй сүрдүү болуп, сөздү куюулуштуруп маңыздуу айткандыгы адамды бир кубантып, бир сүйүнтүп, бир кайгыртат. Ал чөнтөгүндөгү чакчасын алып, насбай атып, ары бурулуп түкүрүп, саамга ойлонуп калды да: – Балам, бул улама, жомок окуянын кандай болгонун мен да билбейм, бирок уламада ушундай деп айтылат.

«Ошол байыркы замандын заманында кыргыз ажосу журтту чыңап, башкаларга кор кылбай кыргыз элин башкарып турган экен. Андай күчтүү өлкөнү билгич өкүмдар башкарып турганы абзел эмеспи. Бирок кыргыздарды каратып, жерин, байлыгын тартып алуу үчүн чет жактагы коңшулар көз арта баштайт. Айрыкча кара кытай, калмактар, аттын кулагы менен тең ойногон уйгурлар жана башка майда барат элдер. Аларды кыргыз түздүктөрү, шаркырап аккан сайлары, көгүлтүр көлдөрү, берекелүү жерлери суктанта тартып жатпайбы. Ата-бабадан калган жерлерибизди ээлеп, биздин журтту башка жактарга сүрүп, же такыр тукум курут кылгысы келишет. Касиеттү өкүмдар ажо алардын кара санатай оюун даана билип, жоокерлерин топтоп, чыңдап, тартипке келтирип, баардык кезде элди шайма-шай даярдыкта кармап турду. Ажо аябай узак жашка барган эле тагдырыбы, бир күнү эли менен кош айтышып кете берди. Касиеттүү адам кайтыш болгонун угуп чет элдик басып алуучулар карышкырдай кутура баштады. Алар ажонун кош айтышып кеткенинен пайдаланып басып алууну каалап жатты. Эл-эл, журт-журт эмеспи жоокер куралып душман менен салгылашууга өттү. Жунгарлык калмактар тез эле кыргыз элин басып алууга аракет кылып жатты. Кармаш катуу болуп кан төгүлдү. Айбалталар кыңгырап, кылыч белде шыңгырап турду. Баатырлар өлүп бара жатып, күн нурун аянычтуу карап: « Пендем бизге кылаарың ушул беле? Кош бол жарыкчылык! Кош бол өмүр!»– деп тиги дүйнөгө узап кетип жатышты. Өлөт десе өөрчүгөн, түгөнөт десе түтөгөн душмандардын кошуундары үстү-үстүнө келип жатышты. Учкан жебеден күн көрүнбөй калып, ат үстүндө кармаштан эрлердин денеси талып, адам өлүгү боо, ат өлүгү тоо болду. Каргалар каркылдап, кузгундар куркулдап, бөрүлөр кыр ашып, түлкүлөр жыт алып турду. Алардын коркунучтуу добушун угуп, адамдар саруулап үрөйлөрү учуп жатты. Жырткыч жорулар адамдардын этин жеп, тойгонунан асманга жогору көтөрүлүп уча албай калды. Ай талаада эр өлүп, ат кишенеп, армандуу добуш айланага эшилет. Эркин жел ары-бери «Өлүм-өлүм» деп жортуп жүрөт. Баарынан армандуусу, ошол кармашта айбалта менен чабышып, жоо менен алышып жүрүп, кыргыз ажосунун баатыр уулу окко учуп шейит кетти. Жунгарлар кумурскадай жайнаган эл эмеспи, биринин артынан бири келип, согуш көпкө созулду. Башка элдер жунгардык калмактарга туруштук бергени үчүн кыргыз элинин эрдигине суктанат. Акыры кыжылдаган жунгарлар « Бул элди жеңе албайт экенбиз» деп согушту токтотушту. Бул эң жаман айла-амал эле. Кыргыздар «Баш аягыбызды жыйалы»– деп тынчып калышты. Анан душман тарап кайра күчтөнүп, кыргыздарды аябай талкалайт. Ошондо биздин элибиз кызыл кыргын, кара сүргүнгө кабылып, аман калгандары жан айласы кылып, тукумун сактап калыш үчүн туш-тушка качып, тоо-токойдун арасын мекендейт. Каза болгондорду карга-кузгундарга жем кылбай ак кепиндеп көөмп ариетин жасашат. Эки жактан ээсин жоктогон ат кишенеп, ай талаада каңгыган ит армандуу улуду. Атасын жоктоп бала ыйлап, уулун жоктоп эне муңканды. Карыялардын көзүнөн аккан жашы ак сакалын аралай куюулуп турду.


Вам будет интересно
Акын, жазуучу К. Абакировдун бул китеби тээ береги 1900 жылдары жазылып бүтүп, китеп катары жердештерине таратылып, бир канча жолу оңдолгон. Китеп Тоң районундагы Темир-Канат айлйнйн Беккулу атадан тараган тукумдары жөнүндө кызыктуу баян курат.Автордун тили жатык кызыктуу берилип окуган адамды өзүнө тартып турат. Автор байыркы ата-бабалары жөнүндө 4 китепти жазган. Бул китеп анын үчүнчүсү болуп саналат. Ал чабандын баласы болгон. Анын балалыгы, жаштыгы бүтүндөй тоо арасында өттү. Автор мына ошол...
Читать онлайн
Акын, жазуучу К. Абакиров бул китеби аркылуу байыркы ата-бабаларынын санжырасын кызыктуу түрдө баяндап бере алган. Анда Ырыскандан тартып, Чынгыз хан доору, Тагай бий, Төрөкочкор, Беккулу, Бүтөбай, Щоңко,Уралы, Баястан аталардын баянын кеңири түрдө жазып бере алган. Китеп ары кызыктуу, окуялуу келип, балдардын тили менен назик жазылган. Чыгарманы окуп байыркы ата-бабанын санжырасын көп жерин иликтеп билип алса болот. Автордур жомоктору, ырлары, афоризм китеби миңдеген нуска менен жарык көргөн....
Читать онлайн
Ыйык китептер Тоорат, Забур, Инжил, Куран жана Мухаммед пайгамбардын осуяттары учкул сөз эмей эмне. Алиги касиеттүү ыйык китептеги Сулайман пайгамбардын «Накыл сөздөр», «Насаатчы китеби» азыркы күндө да, келечекте да эч убакта таасирин жоготпой турган, колдон түшпөс улуу китеп экенин баардык кы-лымдын ойчулдары жазып жана айтып келатпайбы. Бул өлбөс-өчпөс улуу китептин кээ бир касиеттүү сөздөрүн улуу жазуучулар өз китептерине баш сөз кылып алышкан. К.Абакировдун китебинде ошол чыгармалардын шапа...
Читать онлайн
Порою во сне нам видятся картины или даже целые события, явленность которых фантастична. И не понятно – откуда пришло, что навеяло эти видения. Вот и героине этого рассказа привиделся на короткое время Сверчок, который напел, нашептал, набормотал – как это бывает в полудрёме – сказки-картинки. Был ли этот Сверчок, или Ленка его придумала, а сказки ей навеяла собственная фантазия… Впрочем, это ведь не важно. Главное – их услышать и понять, какие тайны могут скрываться в самых простых вещах. Здесь...
Читать онлайн
Кто такая Тики-Тук? Чудо-девочка, которая живёт на тропическом острове. Космонавт Тик собрал её из деталей космического корабля. У Тики-Тук живое сердце, а в голове плещутся коралловые рыбки. Чтобы помочь своему папе, Тики-Тук летит на ракете за помощью. В далёкой заснеженной стране она знакомится с Киви и Галкой. Новым друзьям Тики-Тук предстоит пройти много опасных испытаний. И они делают всё возможное, чтобы помочь необыкновенной девочке спасти отца. Добрая детская повесть с оригинальными пер...
Читать онлайн
Пишу для тебя, любимый читатель! Может, ты найдешь в моих строках свою отдушину, или я попаду под твое настроение своей мыслью, или ты просто хочешь побывать в ином измерении, куда я с радостью открываю дорогу? Или ты будешь не согласен с каждой моей строчкой, донося свою истину для меня в комментариях? Со мной и весело, и грустно, в моих строках много противоречий и согласия, но в каждом моем мире частица души Е. Л., и она стремиться к тебе, мой дорогой читатель! Это не просто сборник рассказов...
Читать онлайн
Представленная книга – вторая из двух частей данной серии. Удивительное, невероятное путешествие и приключения ждут мальчика Ванечку, оставленного на выходные дни в детском садике. Ночью игрушки в игровой комнате оживают и вместе с Ваней отправляются в путешествие. Преодолевая множество препятствий, герои попадают в волшебный подземный мир, знакомятся с его необыкновенными жителями и узнают историю подземного народа. Множество трогательных и волнительных моментов ждут маленького читателя. Сказка...
Читать онлайн
Сказочное путешествие Аси, бесконечно верящей в чудеса, не только осуществило её самое заветное желание, но и превратилось в разгадку тревоживших в реальности проблем…...
Читать онлайн
Чего только не случается под Новый год! Вот и 6-летняя девочка по имени Леона, которую все зовут просто Лёлечка, случайно разбила ёлочную игрушку… и вместе со своим любимым котом Масиком оказалась в волшебной стране, где нежные снежинки забавно ойкают и вообще любят поболтать, у бабочек – человеческие лица; добрые гномы помогают лесным жителям, а коты не только возят их в саночках, но ещё и летают!Впрочем, Масик, который внезапно научился говорить, признался, что у него аэрофобия, поэтому даже п...
Читать онлайн
В книгу Альберта Иванова «Приключения Хомы и Суслика. Сказки» вошли сказки о Хитрой Вороне, о Хоме и Суслике и другие истории. Этих сказочных героев можно увидеть на экране, ведь по большинству сказок были сняты мультфильмы: «Приключения Хомы», «Раз – горох, два – горох», «Погоня», «Хитрая Ворона», «Крылья, ноги и хвосты», «Клетка», «Страшная история», «Удивительные приключения Хомы».Ворона, домашний Кот и бездомный Пёс пытаются ужиться в одном дворе. С неразлучными друзьями Хомой и Сусликом пос...
Читать онлайн
Злая мысль может быстрой птицей залететь в голову, но не позволяй ей свить там гнездо! А вот мопсишка Жози забыла это правило. Жози начала плохо думать про кота Филиппа. Ну и что? Это просто мысли, они же не камни, их нельзя бросить вслед обидчику. Но из-за такого, казалось бы, пустяка случилось много бед. Мафи, Зефирка, Жози, и несколько их друзей, жителей Прекрасной Долины, оказались в Замке злых мыслей. И как оттуда убежать? Где выход из подземелья? Как пройти сложный лабиринт? Не сразу собач...
Читать онлайн
Влад Шестопалов был многократным чемпионом России, Европы и Мира по боксу до тех самых пор, пока обстоятельства не вынудили его уйти в тень. Теперь он звезда подпольного бойцовского клуба. Жизнь спортсмена мрачна и пуста и протекает по принципу «тренировки – бой – тренировки». У него есть семья: приёмные родители и их дети, но он очень одинок. Однажды во время боя на ринге он встретил девушку, и весь его привычный мир перевернулся.Мария Ромашина не просто девчонка с улицы и на бой пришла не случ...
Читать онлайн
Из-за глупости мы с Крис потеряли семь лет. Она стала чужой женой. Я – лучшим адвокатом страны, способным вытянуть самое безнадёжное дело. Дело же, которое мне предстоит сейчас, проиграть у меня просто нет права. Но, обещая Кристине вырвать её дочь из лап бывшего мужа, я не учёл одного: этот подонок пойдет на все, чтобы дочь осталась у него. Моя дочь.– Верни мне мою дочь, Ард! Верни мне её! – всхлипнула Кристина, хватая меня пальцы.– Твою? – переспросил я, испепеляя взглядом.– Нашу, – прошептала...
Читать онлайн
Футбол – самая популярная игра. Вот уже более полутора веков этот командный вид спорта приковывает к себе внимание миллионов болельщиков. На страницах своей книги автор рассказывает о зарождении и развитии этой популярнейшей игры, о примечательных чертах мирового футбола и самых именитых клубах планеты. Читатель узнает о результатах великих матчей, тренерах и игроках, прославивших свои клубы, и разберется в хитросплетениях футбольной терминологии.«Манчестер Юнайтед» и «Арсенал», «Бока Хуниорс» и...
Читать онлайн
На вопрос: является ли мода искусством – существует множество ответов. Но бесспорно одно: мода – разновидность художественного творчества и без нее мы не можем представить нашей жизни. Мода является частью нашей жизни, ее плодами мы пользуемся повседневно. На протяжении столетий портные, обувщики, шляпники, парфюмеры, не думая о признании и славе, в полной безвестности создавали прекрасные костюмы, роскошные шляпы, великолепную обувь и чарующую парфюмерию. Прошли столетия, и сегодня на слуху дес...
Читать онлайн